Ажынын кылыктары.

Жогорку Кенештин депутаттары бир нече айдан бери жума намазга жумуш убагында ашыкча тыныгуу болсун деген мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Бир дагы укуктук малекетте мындай мыйзам жок.

Мындай демилгеге каршы чыккан депутаттарды (алардын ичинде Жанар Акаев) азыр баш-аягы менен коомчулук жемелей баштады. Коомчулук эмнеге жемелей баштады?

Анткени Чубак «ажы» Жалилов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында, убактысын аябай, Жанар Акаевге арнаган жини менен жазган пост жарыялады. Ал жерде ажы ачык эле Жанарды жек көрүүгө, ал менен бир дасторконго отурбоого, аны исламдын душманы деп эсептөөгө жана башка чыныгы мусулмандын табитине жатпаган нерселерге үндөдү.

“Жумуш убагында ашыкча тыныгууга каршы” дегенди “намазга каршы”, “исламга каршы”, “бүт кыргыз элине каршы» деген мааниге өткөрүп, Жанардын сөзүн, эмне үчүн тыныгууга каршы чыгып жатканын бурмалап, азыр эми элдин кыжырын кайнатып, ОРОЗО учурунда жек көрүү менен зордукту жараткан сөздөрдү жарыялап жатканы туурабы?

Эмне үчүн дин кызматкери саясатчылардын пикир билдируусуно агрессивдуу турдо зордукка чакырган жооп кайтарат? Эмне үчүн дин кызматкери СВЕТТИК мамлекетте жашап туруп, мыйзамдардын талкуусуна радикалдуу баа берип, анысы аз келгенсип, элди да терс жакка бурмалайт? Ислам – тынччылык менен сабырдуулуктун дини деп ишенип келаткандарга өзүнүн сөздөрү, дин кызматкерине жарашпаган туталануусу, ачуулугу, жинге алдыргандыгы менен кайра терс үлгү болуп отурат.

Чубак ажыны Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү урматтап, анын ар бир айткан сөзүн ыйык тутканын өзү билип туруп, ошонусунан пайдаланып, Конституцияда, Эмгек кодексинде жазылган СВЕТТИК мыйзамдарга, аларды көздөөгө үндөгөн эл өкүлдөрүнө каршы чыккан адамдын өзүн чыккынчы жана эл душманы деп эсептейм.

Кечээ-жакында эле улуттук Филармониянын алдында бачата бийин бийлеп жаткан жаштарга сакалчандар асылып, бийлетпей коюшту. Бий мусулмандыкка жатпайт имиш. Эми светтик мамлекеттин ичиндеги мыйзамдардын талкуулары, эл тандаган эл өкүлү мыйзам боюнча өз пикирин билдирүүсү да мусулмандарга каршылык экен. Эртен кимди куугунтуктап чыгышат? Кыздар окубасын деп чыгышабы? Же болбосо, күйөөсүнө каяша айткан аялдарды таш менен ургулап өлтүргүлө деп чыгышабы?

Качанкыга чейин ушундай орто кылымдын түшүнүгү менен жашап, өздөрүнчө отуруп алып, көөп, элди башкаргысы келип, шейх болууну көздөгөн адамдарды унчукпай карап отура беребиз? Көз ачып жумгуча «Афганистан-2. Построй свой халифат» долбоорунда жашап калып жүрбөйлү.

Ал эми Жанар Акаевдин жөн жерден диний куугунтукка алынып жатканын карап туруп, унчукпай отуруп берген анын кесиптештери –дин кызматкерлеринен корккон, алардын айтканын кулдай аткарган, намызсыз накта популисттер ошолор.

Эмитеден эле бийлик диндин алдында бир да сөз айта албай атса, анда биротоло эле Ислам мамлекети болуп, Ооганстанга кошулуп, китепканаларды жардырып, балдарга курал-жарак карматып, секелек кыздарды кулдукка сатып, баңгизат менен соода кылып, кыргыз атыбыздан, тарыхыбыздан, ата-бабаларыбыздан калган мурастан, эгемендүүлүгүбүздөн, эркиндигибизден, укуктуу мамлекетте жашайлы деп күрөшүп келген чыгаан жарандарыбыз эмгегинен ажырап жана баш тартып, экстремисттерге кул болуп, чыныгы маңкурттарга айланалы.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун китептерин окугандын ордуна, жалган бийлигине мас болгон, ажылыктагы коррупцияга айыпталган, укуктуу мамлекет тууралуу билими жана түшүнүгү жок ажылардын тантырагандарын угуп отурсак, 5-10 жылдын ичинде эмне болобуз?

Мусулмандардын лидери болгондон кийин, кайра жинин басып, расмий түрдө пикирин жакшынакай түшүндүрүп берсе болот эле го. Уруп-согуп, эмне болсо эле, ар кимге «мусулман душманы» деген «наамды» жабыштырып, истерика салган туурабы?

Мына, мен өз пикиримди билдирдим. Эми мен да эл душманы болдумбу? Ажынын сөздөрүн сындадым, ооба. «Ажыны сындагандай сен кимсиң өзү?» дегендерге – мен укуктуу, светтик мамлекеттин жаранымын, андыктан, мен өз өкмөтүмөн, эл өкүлдөрүнөн менин кызыкчылыктарымды жана укуктарымды коргоону талап кылууга толук укугум бар.

Ошондой эле, диний кызматкерлердин саясатка аралашуусун, өз ордунан пайдаланып, адамдардын ачуусун, жек көрүүсүн жана уруш-талашын туудурган ураандарын эч убакта туура деп эсептебейм жана колдобойм.

Кандай мыйзам кабыл алынат жана ал кантип талкууланат — мындай процесстер диний кызматкерлеринин АГРЕССИВДУУ БАСЫМЫ жана РАДИКАЛДУУ КИЙЛИГИШҮҮСҮ жок өтүшү зарыл. Истерикалары менен элди кагылыштырып отурат, өзүн деле эл душманы деген категорияга түз эле киргизе берсе болчудай.

Ойгонгула, болбосо, арабдардын акчасына байып, элдин башын айлантып отурган кээ бир диний кызматкерлердин жана аларга кошомат кылабыз деп ырсайып отурган бийлик башында тургандардын артынан эртен Ооганстандын филиалында жашап калбайлы.

П.С. Ошол эле депутаттар тимеле абдан динчил, жан-дүйнөсү таза, коррупцияга малынбаган, эч кимдин акчасын жебеген, сойкуканаларды ээлебеген, беш маал намаз окуп, шарияттын ар бир пункту боюнча жашаган, жашы жете элек кыздарды боюнан бүтүрбөгөн, мыйзамсыз түрдө экиден-үчтөн аял албаган, сөгүнбөгөн, арак ичпеген, эч качан калп айтпаган адамдарбы, унушчалык эле нукура мусулман болуп, жума намазга эки саат отуруп алмайын жашай албай калган? Мунун баары элге жана диний кызматкерлерге кылган кошоматчылыгы. Өлкөдөгү жумушсуздукту жок кылгандын ордуна, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуунун ордуна, калкты жакырчылыктан чыгаруунун ордуна, медицинага көңүл бөлүүнүн ордуна, айлап-айлап эки сааттык жума намаздын тыныгуусун талкуулап отурушат. Уят эмеспи. Ошол элеби Кыргызстандын чечилбеген эң негизги көйгөйү? Жума намазга эки сааттык тыныгууну мыйзамдаштырып койсо, кыргызстандыктардын бардык көйгөлөрү чечилип калабы?

Оставьте комментарий

Filed under Без рубрики

Добавить комментарий

Заполните поля или щелкните по значку, чтобы оставить свой комментарий:

Логотип WordPress.com

Для комментария используется ваша учётная запись WordPress.com. Выход /  Изменить )

Google photo

Для комментария используется ваша учётная запись Google. Выход /  Изменить )

Фотография Twitter

Для комментария используется ваша учётная запись Twitter. Выход /  Изменить )

Фотография Facebook

Для комментария используется ваша учётная запись Facebook. Выход /  Изменить )

Connecting to %s